Каныкейдин сарамжалы — аялзатынын үлгүсү

Дата публикации: 15.06.2022

Каныкейдин сарамжалы — аялзатынын үлгүсү

Колдошев М.К.
Аннотация: Бул илимий макалада балбан Манастын айчырайлуу байбичеси Каныкейдин мыкты сапаттарынын бири – сарамжалы каралат. Каныкейдин сарамжалдуулук касиети Манас баатырдын жигиттеринин Чоң жортуулга даярдануу процессинде аларга арнап, чактап тиккен кийим-кечелеринде, жабдууларында, баатырдын аталаш тууганы “Көзкамандардын” алыскы “Жуушангыр” аталган жерден киндик каны тамган Ала-Тоо жергесине келгендеринде Каныкейдин аларга көрсөткөн камкордугу жана жапакечтиги даана көзгө урунат. Каныкей эң бышык материалды издеттирип таптырып, “кандагай” атыккан шымды мыкты балбан Кошой авасына атайын тиккен учуру, бул күтүүсүз белегине Кошой аябай кубанып, ыраазы болуп, Каныкейге жылуу каалоо-тилегин билгизип, анын көптөн бери арзуу, ниет кылып жүргөн уулдуу болуусуна жана ага Семетей деген ат коюп, ак тилегин айтып, батасын ыроолойт. Каныкей анын батасына абдан сүйүнүп, жүрөгү балкыйт жана Кошойдун батасынын кабыл болгону баяндалат.
Ключевые слова: сонун аял, чебер, Ата мекен, камкордук, салт, бата.
Полный текст статьи